12-май: күн ачык болот

12-Май 2017, Жума

Бүгүн, 12-майда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +26...+31;

Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +27...+32;

Баткен аймагында түнкүсүн +11...+16, күндүз +27...+32;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +29...+31 градуска чейин ысыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!