15-май: +32…+34 градус ысык болот

15-Май 2017, Дүйшөмбү

15-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрөлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36;

Баткен аймагында түнкүсүн +15...+20, күндүз +31...+36;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30 градуска чейин жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!