Археологдор: Тарыхый эстеликтерди сактап калуу керек

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жайгашкан тарыхый эстеликтерди изилдөөдө тийиштүү структуралар жапа тырмак иш алып баруу зарылчылыгы келип жетти көрүнөт. Анткени, илгертеден эле Батыш менен Чыгышты байланыштырган Улуу Жибек жолу Кыргызстан аркылуу өткөндүктөн, бул аймакта соода түйүндөрү, андан шаарлар пайда болгон. Шаарларда кооз курулуштар курулгандыктан, ал курулуштар Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурдура алган. Өз мезгилинде гүлдөп өнүккөн шаарлардын айрым имараттардын бүгүнкү күндө урандылары гана сакталып калбаса, негизинен Кыргызстан байыркы курулуштарга жарды болуп калды. Албетте, акыркы мезгилде бир жагынан Кыргызстанда тарыхый эстеликтерге дурус көңүл бурулуп жатса, экинчи жагынан экономикалык кыйынчылыктан улам, тарыхый эстеликтер таланып-тонолуп, каралбай калган учурлар да болууда. Мына ошондуктан тарыхый эстеликтерди келечек муун үчүн сактап калуу Кыргызстанда өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маселе болуп калууда.

Бул маселе боюнча Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Тарых жана маданий мурастар институту Чүй өрөөнүндөгү шаар чалдыбарларын сактап калууга багытталган семинар өткөрүшкөн.

УИАнын директору Абылабек Асанканов: «Бүгүнкү күндө УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкерлери, Тейко университетинин (Япония, Токио) өкүлдөрү К.Ямаучи, К.Мочизуки, Тажикстандын илимдер академиясынын өкүлү Б.Бобомуллаев, ЮНЕСКОнун иши боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын өкүлү Н.Аскарованын катышуусунда Чүй өрөөнүндөгү шаар чалдыбарларын сактап калууга багытталган “Чүйдүн орто кылымдагы шаарлары: сактап калуу, колдонуу, изилдөө” аталышындагы семинар өткөрдүк. Анда байыркы шаарлардын тарыхый мааниси, аларды сактап калуу, тереңден изилдөө, коомчулукка жайылтуу, туристтерди кызыктыруучу обьекти катары өнүктүрүү жолдору боюнча актуалдуу проблемалар айтылды. Башкача айтканда Чүй өрөөнүндө жайгашкан “Бурана”, Ак-Бешим” (Суяб) жана Красная речка (Невакет) айылдарындагы шаар чалдыбарларын кантип изилдеп жана аны кантип музейге айлантуу керек. Ошондой эле бул жерди транфармациялоо боюнча, тарыхый жерлер кайсы жергиликтүү органдарга караары жана кара археологдор менен малдан сактоо сыяктуу чоң маселелер бар. Ошондуктан биз бул көйгөйлөр боюнча бийликке кайрылалы деп жатыбыз» , - деп билдирди.

Ал эми Тейко университетинин кызматкери, япон археологу К. Ямаучи УИА менен болгон кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүү үчүн аталган эстеликтердин мааниси чоң экендигин айтат.

“Кыргызстан Улуу жибек жолунун борборунда жайгашкан өлкөлөрдүн бири. 2011-жылдан бери Кыргызстанда изилдөө иштерин жүргүзүп келем. Бүгүнкү иш-чаранын тарыхый, археологиялык билимди тереңдетүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жардамы тиет деген ойдомун – деди ал.

Андан сырткары ЮНЕСКОнун иши боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын өкүлү Н.Аскарова: “2014 –жылы Чүй облусундагы үч шаар чалдыбары (Невакет, Суяб, Баласагын) ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Андыктан мамлекет эл аралык нормаларга ылайыктап, аталган эстеликтерди коргоо боюнча жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деп эсептейм” – деп билдирди.

ТММ институтунун археолог-изилдөөчүсү Бакыт Аманбаева шаар чалдыбарларынын үстүнөн иш алып баруудагы оош-кыйыштар тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.

“Биздин максатыбыз коомчулуктун көңүлүн аталган эстеликтерге буруу. Биздин ишибизге ЖОЖдор дагы кошула баштады, эң негизгиси иштөөгө мүмкүнчүлүк алдык. Казуу иштерин жүргүзүп жатабыз, мындан ары эстеликтерди консервациялоого өтөлү деген ойлорубуз бар. Ошондой эле биздин өлкөдө Маданият министрлиги, УИА, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары сыяктуу структуралардан турган эстеликтердин археологиясы боюнча иш алып баруучу механизм жок” – деген оюн билдирди окумуштуу.

Ошондой эле Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери В.Кольченконун айтымында, учурда өлкө боюнча 67 эстелик бар. Алардын 53ү археологиялык эстеликтер, 20сы шаар чалдыбарлары. Ошондой эле мамлекеттик маанидеги эстеликтерди фиксациялоодо айрым маселелер да жок эмес.

Белгилей кетсек, Чүй өрөөнүндөгү Ак-Бешим, Красная речка айылдарындагы шаар чалдыбарларындагы изилдөөлөр УИАнын археологдору жана Тейко университетинин кызматкерлери тарабынан ишке ашырылып келет (кыргыз-япон илимий-изилдөөчүлүк долбоорунун келишими 2020-жылга чейин түзүлгөн). Орто кылымдарга таандык тарыхый эстеликтерди 2014-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү чечими кабыл алынган. Ал эми тарыхый-маданий баалуулуктарга ээ Ак-Бешим шаарчасы Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Чүй районунда Токмок шаарынан түштүк-батыштан 8 км ,Бул Бишкектин чыгыш тарабындагы 47 км аралыкта жайгашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!