Кыргыз дарыгери Россияда наамга көрсөтүлүүдө

18-Май 2017, Бейшемби

Россиянын Новосибирск шаарында хирург-дарыгер болуп эмгектенген кыргызстандык Мелис Толтоев “жылдын дарыгери” наамына көрсөтүлүп, учурда жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн интернет добуш берүү жүрүүдө.

Мелис Толтоев Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Алгачкы медициналык билим алууну Ош шаарында баштап, андан кийин Бишкекте билимин уланткан. Андан ары билимин Татарстандын Казань шаарында, Москва, Новосибирск шаарларында алган.

Адегенде 2009-жылы Россияда аспирантурага тапшырып, Казань мамлекеттик медициналык академиясында окуган. Көп өтпөй медицина илимдеринин кандидаттыгын жактаган. 2012-жылдан бери Новосибирск шаарында хирург-дарыгер болуп эмгектенет.

Биз мекендешибиз Мелис мырза менен байланышканыбызда жылдын дарыгери наамына оорукананын башкы дарыгери жана бейтаптар сунуштаганын айтып, бул чоң ийгилик экенин, ошол эле учурда медицина илиминде жаңы ачылыштарды ачуу жоопкерчилиги турганын билдирди.

“Мен үчүн бул номинацияга сунушталуу сыймык болду. Албетте, анын артында чоң жумуштарды жасоо, толгон-токой милдет, жоопкерчилик турат”,-деди.

Каарманыбыз келечекте Кыргызстанда иштөөнү максат кыларын, ал сөзсүз ишке ашарына ишенерин билдирди.

Толтоев 2012-жылдан бери Новосибирск шаарындагы ооруканада улуу ординатор-хирург болуп эмгектенет. Кыркка жакын илимий эмгектерди жарыялаган.

“Жылдын дарыгери” облустук конкурсу 2003-жылдан бери Новосибирск облустук дарыгерлер бирлигинин демилгеси менен өткөрүлүп келет. Ал ак халатчандар арасындагы жумушуна берилгендик менен мамиле жасаган дарыгерлерди аныктап, аларга дем-шык берүү максатында уюштурулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!