23-майга карата аба ырайы

22-Май 2017, Дүйшөмбү

Эртең, 23 майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күт күркүрөшү күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +26...+31;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +24...+29;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөнөөтүү, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +28...+30 градуска чейин ысык болот. Ошондой эле 24-майда жана 25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 25-майда күндүз кыска мөөнөтүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 24-25-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Фото: Zaman.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!