25-майга карата аба ырайы

24-Май 2017, Шаршемби

Эртең, 25-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+19, күндүз +23...+28;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши көтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +26...+28 градуска чейин ысык болот.

Ал эми 26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-майда жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!