26-28-майга чейин аба ырайы кескин өзгөрөт

26-Май 2017, Жума

Бүгүн, 26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29;

Баткен дубанында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-майда жана 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-майда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-майда жана 28-майда күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +25...+27 градус жылуу болот.

Ал эми 27-майда кээ бир райондордо, 28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!