Үмүт Моңолбаева:"Үйдө отуруп акча табам"

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Бүгүнкү күндө азык-түлүк, дары-дармек,коммуналдык кызмат жана башкалардын баалары кымбат болгондуктан эркек, аял же кары, жаш дебей баары үйдө отуруп жакшы акча таап, жакшы жашоого, кыялдарды орундатууга, элден калбоого болгон аракеткин кылып жаткан замандаштарыбызды арабыздан көп эле кездештирүүгө болот. Бирок, жакшы жашаш үчүн жакшы акча табуунун жолун баардык эле адам биле бербейт. Башкача айтканда, жакшы жашоого умтулгандардын айрымдары каражат табуунун жолун жаӊылыш нерседен баштап, максатына жетпей, ара жолдо мүдүрүлүп кала беришет. “Zaman.kg” сайты колго жасалган зербуюмдар менен ишкерлик дүйнөсүн багынткысы келген Үмүт аттуу айым менен маектешти, ал үйдө отуруп жакшы акча табууну максат кылган айымдарга үлгү болот деген ойдобуз.

26 жаштагы каарманыбыз Үмүт Моңолбаева үч кыз, бир уулуду тарбиялоо менен бирге эле, үйүндө отуруп алып, жакшы акча табуунун жолун өздөштүрүүгө жетише алган. Учурда ал Бишкек шаарында жашайт.

Анын айтымына караганда, 8 жашынан тартып таенеси менен апасынан кол өнөрчүлүктү үйрөнгөн. Турмушка чыккандан кийин кошумча акча табуу максаттында колго сөйкө, шакек, билерик, чынжырча, сумка, кичинекей балдарга бут кийим ж.б жасап, аларды социалдык тармактар аркылуу 30 сомдон 3миңге чейин сатат.

“Биздин үй-бүлөдө бир гана жолдошум иштегендиктен, мен ага жардам көрсөтүү максатында үйдө отуруп колго жасалган кыздарга тиешелүү аксессуарларды жасап сатууну туура көрдүм. Буга керектүү материалдарды базардан сатып алам. Ал эми зер буюмдардын формасынын кандай болушун көбүнчө интернеттен карап жасайм. Аларды жасаганга ар кандай убакыт кетет. Мисалы, зербуюмдардын жөнөкөй жана татаалдыгына жараша убакыт кетет. Башкача айтканда, жөнөкөй сөйкөгө жарым саатка жакын убакыт кетсе, татаал делгенине 3-4 саатка чейин убакыт сапталат”,- дейт Үмүт.

“Жасап бүткөн зербуюмдарымдын көбүнчөсүнүн сүрөттүн “Инстаграм” жана “Однаклассники” тиркемелерине жайгаштырып сатам. Андан сырткары Бишкекте өткөн ярмаркаларга катышып, ал жактан да продукцияларымды сатууга жакшы шарт түзүлөт. Анткени, ага коноктор өз көзү менен көрүп, кармап көрүп алышат. Ошондой эле тапшырыктарды көбүнчө интернеттен алам. Кээде тааныштар аркылуу тапшырык кылганы келгендер да болот. Ал эми ар бир айда орточо эмес менен 5 миң сом таза киреше табам. Буюрса жолдошум Саламат колго жасалган аксессуарлардын дүкөнүн ачып берем деп жатат”,- деп кошумчалады ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!