​Асылбек Оморов: “Нурмухаммед Брюс Лини 3 күндө туурады”

30-Май 2017, Шейшемби

Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну 6 жаштагы Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналында «Лучше всех» долбооруна катышып, Брюс Линин ыкмаларын өзүндөй туураган видеосу интернетке тарап, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп жаткан убагы. Жаш спортчунун атасы Асылбек Оморов аталган көрсөтүүгө кандайча катышып калганын, балдарды туура тарбиялоодо кандай ыкма колдоноорун Zaman.kg айтып берди.


Асылбек Оморовдун айтымында, Нурмухаммед спорттун каратэ түрү 3 жашынан машыгып келет. “Лучше всех” долбооруна катышууда алгач кастингден өтүп, анан ал берүүгө катышууга жолдомо алган.

"Брюс Линин кыймыл аракетин 3 күндө туурады"

- Социалдык тармактарда Нурмухаммедтин атынан катталган баракча бар. Ал жерде анын ар бир жетишкен ийгиликтерин, мелдештерде алган дипломдорун Интернетке чыгарып турабыз. Бир күнү облусттук чемпионатта Нурмухаммед өзү дагы катышкан, жасаган каратэ ыкмаларынын видеосу Интернетке киргизгенден көп өтпөй, Максим Галкиндин долбооруна катышууга Москвадагы “Мосфильмден” сунуш түшүп калды. Алар бизге байланышка чыгып, долбоордун эрежеси боюнча Нурмухаммед алгач кастингден өтүү керек болду. Биз ал учурда каратэ боюнча Казакстанда өтчү өспүрүм балдар арасындагы мелдешке катышууга камылга көрүп, машыгуу залына барып жатканбыз. Алар биздин электрондук почтага Брюс Ли тартылган тасмадан үзүндү жиберишип, “канча убакытта туурап даяр болот, жообун жибергиле” дешти. Мен “10 күндүн ичинде туурап, даяр болот” десем. “Бизге 3 күндүн аралыгында туурап бериши керек” дешти.

Мен Нурмухаммедге: "Бизди Москвага чакырып жатат. Ал жакка барууда эмнени каалайсың, эмнени көргүң келет деп сурасам “ата учака түшкүм келет” деди. “Ал үчүн өнөрүңдү жакшылап көрсөтүп, алар жиберген роликти өзүндөй туурап берсең Москвага барасың” дедим. “Ата мен баарын аткарам” деди. Үч күндүн аралыгында Брюс Ли аткарган ыкманы өзүндөй туурап, жиберип салдык. Жооп келип, силер кастингден өттүңөр, бардык чыгымды өзүбүз көтөрөбүз дешкенин экөөбүз Москвага бардык. Ал жактан бир тууган агам, Нурмухаммедин машыктыруучусу болуп көрсөтүүгө катыштык.

Нурмухаммед сүрөт тартып, математикага кызыгат

- Нурмухаммед 3 жашынан бери каратэ менен машыгып келет. Брюс Лини туураганы бул анын кошумча өнөрү. Азыр 6 жашта, мектепке быйыл барат. Спорттон тышкары математикага кызыгуусу бар. Сүрөт дагы тартат. Мүнөзү- аз сүйлөйт. Жокту жоктой, барды бардай кабыл алат. Сөгүнгөндү билбейт, бирөөгө асылган жайы жок. Айтканды аткарып, чоңдор менен чоң адамдай мамиле кылат.

“Өзүм эркин күрөш менен машыгам”

- Өзүм спорттун эркин күрөш менен 15 жашымдан бери машыгып келем. Азыр жашым 46де. Төрт балам бар. 3 кызым, кичуусү уулум Нурмухаммед. Улуу кызым Ата-Түрк Алатоо университетинде 3-курсту быйыл бүттү. Ал эми эки кызым мектепте билим алышат. Кыздарымдын спортту тандап алышына тыюу салгам. Анткени кыз бала кыздай болуп, үй-бүлө күтүп, бала багып үйдө отурганы оң. Алардын сабактарына көп көңүл бурам. Аларга “кызым бүгүн бул ырды жаттасаң 20 сом берем” десем. Биринчи күнү кыйналып бирди, анан экини жаттап келет. Ошонтип отуруп 5-10 ырды жаттап кыйналган күндөрү болгон. Жаш балдар момпосуй, балмуздак жегиси келет эмеспи. Аларга айтам балмуздак жеш үчүн эмне кылыш керек, иштеш керек. Иштеш үчүн жакшы окуш керек. Жакшы окуу үчүн аракеттенүү керек. Ушул көйгөй адамзат төрөлгөндөн бери эле бар. Аны жоюу үчүн баланы жаштайынан мээнетке, эмгекке көндүрүш керек.

“Балдарга чоң кишиге жасагандай мамиле кылуу керек”

- Балдарымды бешике жаткырган жокмун. Себеби мурун ата-бабаларыбыз боз үйдө жашап, жашоо шартка жараша баланы жылуу кармап, бети ачылып калбасын деп көп нерседен оолак кармашкан. Азыр жашоо турмуш деген башка. Экинчиден, баланы бешике бөлөгөндө аны терметмейин уктабайт. Мында бала көз карандуулука көнүп, бирөө жарым карап туруш керек. Бала деген эркин өстүрүп, ага чоң адамга мамиле кылгандай мамиле кылыш керек. Кичине балдарга “конфетти” “кака” деген ушул сыяктуу сөздөрдү сүйлөгөн жайыбыз бар. Мен антип балдарыма айткан жокмун. Аларга чоң баладай мамиле кылып, анын оюу менен бөлүшөм. Алар менен базарга барганымда “муну алып бер” деп ыйлап, мени кыйнашпайт. Себеби түшүндүрүп акчам болбосо ачыгын айтам, ал буюмдун зыянын, пайдасын түшүндүрөм. Баланы урушпоо керек. Жан дүйнөсүнө үңүлүп, анын оюу менен эсептешүү зарыл. Мындан тышкары балдарыма сотка колдонууга, кирешки, кока-кола, фанта, кытайдан келген оюнчуктарды колдонууга тыюу салгам. Албетте технологиянын заманынан артта калбасын деп анда-санда сотка колдонгону болбосо, байланыш үчүн жөнөкөй кол телефонун пайдаланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!