31-май: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

31-Май 2017, Шаршемби

Бүгүн, 31-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27;

Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29;

Баткен дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21;

Бишкек шаарында 31 майда жана 1-2-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +25...+27 градус жылуу болот.

Ал эми 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!