2-июнь: 34 градуска чейин ысык болот

2-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 2-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;

Баткен облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус жылуу болот.

Ал эми 3-июнда жана 4-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!