Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты

Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
17-Янв. 2020, Жума, 10:22

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкектеги Улуттук тарых музейи качан ачылары белгисиз экенин Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты.

Ал музейдин ачылбай жатканынын негизи себебин мындайча түшүндүрдү:

“Ремонт толук кандуу түрдө бүткөн. Ал жерде немис компаниясына кандайдыр бир карыздар бар экен. Ошол карыздын негизинде ички мультикомплекстин ачкычтарын бербей жатат. Ичиндеги бүтүндөй системаны ишке киргизмейинче биз аны ачууга бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгүбүз болбой жатат”, – деди министр Жаманкулов.

Тарых музейин жаңылоодогу "коррупция" фактысы боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, учурда иш сотто каралууда. УКМК мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду “ 2017-жылы жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, өлкө кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга Германиялык компанияны катыштырган” деп айыптаган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Тарых музейин оӊдоодо 101,6 млн сом мамлекетке зыян келгенин билдирген эле. Тарых музейин реконструкциялоого жалпы 1 млрд 569,4 млн сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Чачты өстүрүүчү маскалар
Чачты өстүрүүчү маскалар
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
 Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Космосбек Чолпонбаев:
Космосбек Чолпонбаев: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда