8-июнь: 31 градуска чейин ысык болот

8-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;

Талас аймагында түнкүсүн +4...+9, күндүз +25...+30;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30;

Баткен дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +26...+31;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында 8-9 июнда жана 10-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-июнда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ал эми 9-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 9-июнда күндүз жана 10-июнда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!