9-июнь: 35 градус ысык болот

9-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 9-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+33;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +28...+33;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 9-июнда жана 10-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-июнда күндүз жана 11-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-11-июнда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +30...+32 градус ысык болот.

Ал эми 10-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 10-июнда күндүз жана 11-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!