16-июнь: Бишкекте 30 градус ысык болот

16-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 16-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;

Талас аймагында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33;

Баткен аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында 16-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +28...+30 градус ысык болот.

Ал эми 17-18 июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!