​20-июнь: айрым жерлерде жаан жаайт

20-Июнь 2017, Шейшемби

Бүгүн, 20-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +25...+30;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ал эми 21-22-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!