23-июнь: температура +40 градуска жакындап калды

23-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37;

Талас аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;

Баткен аймагында түнкүсүн +15...+20, күндүз +33...+38

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жаабайт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +34...+36 градус ысык болот.

Ал эми 24-25 июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!