28-июнь: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

28-Июнь 2017, Шаршемби

Бүгүн, 28-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, катуу жаайт, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +22...+27;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +16...+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21;

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +25...+27 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!