29-июнь: жаан катуу жаашы күтүлөт

29-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 29-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21;

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ал эми 30-июнда жана 1-июлда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 1-июлда күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!