Кыргызстандык жаратман боз үйгө жаңы жүз тартуулагысы келет

4-Июль 2017, Шейшемби

Боз үй – ар бир кыргыз баласына жакын, тааныш турак. Ал ата-бабаларыбыздан калган аздек мурас катары көчүп-конууда, айрыкча жайлоодо баш калка кызматын аткарып келген. Боз үйдүн кышында суукту, жайында ысыкты өткөрбөгөн, бачым курганга, жыйнаганга ыңгайлуу, бир дагы мык кагылбаган, түндүктөн кирген аба менен нурдун бүт тилке боюнча тегиз тараган өзгөчө касиети бар. Бекеринен француз архитектору “Боз үй – кыргыз архитектурасынын туу чокусу” деп тегин жерден айтпаган чыгар.

Көчмөн элибиздин көөнө турмушунан бери сакталып келе жаткан боз үйдү бир гана жайында жайлоодо тикпестен, жыл бою пайдалана тургандай жагдайда заманбап стилде кыргызстандык ишкер Мирлан Асакеев иштеп чыкты.

Долбоордун автору Мирлан Асакеев

Демилгенин автору “Көчмөндөр журту” деп аталган эн белги менен боз үй формасында курула турган туризм, соода, коомдук тамактануучу жай, мейманкана, ошондой эле турак-жай обьектилеринин долбоорун сунуштоодо.Ал боз үйдү акыркы технологиядагы курулуш материалдарынын жардамы менен этно стилде жайылтуу аракетин көрүп келет.



Боз үй тибиндеги курулуштун кагазга түшүрүлгөн долбоору

“Боз үй кылымдардан бери чоң турмуштук тажрыйбадан өтүп келген. Жаратылыштын түрдүү сыноолоруна туруктуу, үйдүн ичиндеги абанын айлануусу өзгөчө пайдалуу. Төрт бурчтуу үйгө караганда адам тегерек түрдөгү үйдө жашаса өзүн жакшы сезет. Жаратылыштагы жан-жаныбарлардын деле жашаган жерине баам салсак, баарынын эле түнөгүнүн бурчу жок.Калпакты деле мурда мырзалар той-аш, тажыяларда кийген болсо, азыр мырзалар массалык түрдө кие баштабадыбы. Боз үйдү дагы ушундай деңгээлге алып чыгалы дедик”,-деди.

Адегенде сынак режиминде үйдү куруп, тажрыйбадан өткөрүшкөн

Боз үй жыгачтын ордуна пенополистирол курулуш материалы менен жабдылып, үстү кадимки эле кийиз менен жабылат. Кийиздин сырт жагы табият кубулаштарына туруктуу болушу үчүн калың пленка менен жабылат. Боз үйдү аянтына жараша 25 метр квадраттан 50 метр квадартка чейин курууга мүмкүнчүлүгү бар. Диаметр менен эсептегенде азырынча 5 метрден 8 метрге чейин курушат. Алдыда 8 диаметрден 21 диаметрге чейинки боз үйлөрдү куруу планы бар.


Боз үй тибиндеги үйлөрдун терезеси керегенин көзөнөкчөлөрүн элестетет

“Үйлөрдү көлөмүнө жараша 160 миңден 300 миң сомго чейин курдурууга болот. Буюртма бергенден баштап 15 күн ичинде бүтүрүп беребиз. Үйдүн ортосуна, коломтого от жагып жылытса болот, от жагылбаган учурда үстүн шырдак менен жаап койсо, үйдүн дизайнына өзгөчө көрк берип турат”,-деди Мирлан Асакеев.

Долбоордун автору келечекте Кыргызстандын ар бир районунда кыргыз айылын куруу планы бар экенин кошумчалады.

Келечектеги кыргыз айылы

“Биз Кыргызстандын сырттан келген туристтерге уникалдуу маданиятыбыз менен таң калтыра да, тарта да алабыз. Биз келечекте ар бир райондо кыргыз айылын түптөөнү максат кылуудабыз. Кыргыз айылында 41 боз үй болот. Чок ортосунда чоң ордо боз үй тигилип, анын айланасын 8 боз үй курчап турат. Сегиз үйдү айланта дагы 16 үй айлана курулат.Үйлөр айлана түрүндө жайгашып, сегиз көчө болот. Ал жерде кыргыз маданиятын тааныта турган кол өнөрчүлүк, спорт, кыргыз ашканасы, манасчылык боюнча борборлор жайгашат”,-деди.

Японияда боз үй тибиндеги курулган үйлөр

Бүгүнкү күндө боз үйдүн символун минареттерден, АКШнын капитолийси сыяктуу көп мамлекеттердин ак үйлөрүнөн, Таджи Махал сыяктуу имараттардан, мечит, чиркөө, куполалардан, аркалардан, абсерваториялардан жана башка көптөгөн архитектуралык имараттардан байкоого болот. Дүйнөлүк изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ишенсек, бурчу жок аба циркуляциясына жакшы болгон тегерек, боз үй сыяктуу үйдө жашоо - адамдын ден соолугуна, жан дүйнө сезимине жакшы таасир берет. Акыркы жылдарда батыштын цивилизациясына болгон тартылуу күчү өчүп, көчмөн элдердин маданиятына чоң кызыгуу жаралууда. Европа жана АКШ мамлекеттеринде жергиликтүү ишмерлер боз үйдү отель, шоу рум, фото сессия үйү катары колдонушса, Япония мамлекети боз үйдөн айылдарды салып, такай жашоочу турак жай катары колдонуп башташты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!