Үч эмдер колдоого муктаж

4-Июль 2017, Шейшемби

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнун тургуну, 38 жаштагы Кызжибек Марипова үч эм балдарын дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сураганы туралуу маалымат фейсбук тармагында тарады.

ZAMAN.KG маалымат агенттиги үч эмдердин апасы Кызжибек Марипова менен байланышып, учурдагы абалы тууралуу баарлашты.

Асан, Үсөн жана Фатима деп аталган үч эмдерди апасы жети жылдан бери жалгыз чоңойтуп келет. Туруктуу жашаган үйү жок. Батирден батирге көчүп олтуруп, акыркы эки жылдан бери Кызжибек балдары менен апасынын үйүндө күн кечирип жатат.

Турмуш сыноосу Кызжибекти жалгыз бой бала багуу түйшүгү менен эле чектебептир. Үч эмдердин экөөсүнүн көрүүсү начар. Ага кошумча учурда сарык оорусу менен ооруп жатат.

“Эки уулумдун көздөрүн дарыгерге текшертсем бирөөсүнүн көзү минус 23 болуп кетиптир. Экинчисиники минус 5-7. Ушул айдын аягында токтоосуз операция жасоо керектигин айтты. Өзүм дагы сарык болуп ооруп жатам. Кант диабети менен жабыркайм. Дарыгерлер үч килодон ашык жүк көтөрбө деп эскерткен. Балдарымды жалгыз баккандыктан алар айткан режимди сактай албайм. Кийим-кечелерин жууш керек, багыш керек, айтор түйшүктүн баары мойнумда”,-деди үч эмдердин апасы Кызжибек Марипова.

Ал кош бойлуу кезинде жолдошу таштап кеткенин, андан бери бир да жолу кабар албаганын билдирди.

“Атасы таштап кеткенде үч эмдер төрөлө элек болчу. Андан бери байланышкан жок. Батирде 3000 сом төлөп жашап келдик. Учурда апамдын үйүндө турабыз. Апамдын жашы да 70ке таяп калган. Пенсиясы менен жашайбыз. Мектепке барганга чейин туруктуу бир жерде жашоо керек болуп турат. Ары-бери көчкөндө мектеп которуу керек. Анын үстүнө балдарым назик”,-деп кошумчалады.

Балдары жети жашка чыгып калса да алар мамлекет тарабынан берилчү жөлөк пулду алганына эки ай гана болуптур.

“Жөлөк пул алып баштаганыбызга эки ай болду. Ага чейин ооруп балдарымы караган эч ким жок, документтерин убагында даярдай албадым. Буга чейин Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдон жардам сурап барсам, биринчи жолкусунда жок экен, экинчи ирет барсам бүгүн кабыл албайт деди. Үчүнчү жолу барсам иш бөлмөсүндө бирөөлөр бар экен, эки-үч саат күтүп олтурдук. Чогулушум бар деп, бир кызматкерге дайындап чыгып кетти. Ага кирсек атаңа бар, энеңе бар деп, айтылган сөз ошол жерде эле калды. Ошол күнү күн ысык болуп үйгө келгенден кийин балдарым кусуп, сарыкка айланып кетти”,-деди үч эмдердин апасы.

Кызжибек Марипованын үй-булөлүк абалы тууралуу маалымат социалдык тармактарда жарыялангандан тарта боорукер адамдар, айрым атка минерлер тарабынан жардамдар көрсөтүлө баштады.

Сүрөт: Turmush.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!