5-июль: күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

5-Июль 2017, Шаршемби

Бүгүн, 5-июлда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35;

Талас аймагында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында 5-июлда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +33...+35 градус ысык болот.

Ал эми 6-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 7-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!