6-июль: аба +38 градуска чейин ысыйт

6-Июль 2017, Бейшемби

Бүгүн, 6-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19...+24, күндүз +33...+38;

Талас аймагында түнкүсүн +14...+29, күндүз +32...+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;

Баткен аймагында түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +26...+31;

Бишкек шаарында 6-8-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +35...+37 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!