Абасы суук айылдын “Мичурин” айымы

6-Июль 2017, Бейшемби

Жылдын жарымынан көбүн кыш мезгили өкүм сүргөн климаттык шарты катаал Чоң-Алай районунда жергиликтүү элдин кармаган-тутканы – мал чарбачылык. Анткен менен жер иштетип, эзели бышпаган жер-жемиш, жашылчаларды өстүрүүнү айрымдар өздөштүрүп, аларды кантип өстүрүүнүн ыгын таап алышкан.

Аталган райондун Карамык айылынын тургуну Гүлдөй Абдылдаеванын чакан бакчасында жашылча-жемиштердин дээрлик бардык түрүн кезиктирүүгө болот.

Ал музыкалык багытта алган билимин искусство, маданиятка эмес, айыл чарба багытына арнаганына 20 жылдан ашуун убакыт болуптур.

“Бизде кыш октябрда эле түшүп, май айына чейин созулат. Ошентсе да эшик алдындагы бакчага жашылча-жемиштердин түрүн өстүрүп келем. Быйыл жаз кеч келип, анын үстүнө жер титирөө эсибизди чыгарып, көп нерсе тиккенге жетише албадым”,-дейт.


Айылдын “Мичурини” аталган бул айым эккен өсүмдүктөрдү 100 пайыз табигый жер семирткичтер менен азыктандырат.

“Биздин үй-бүлө үчүн күнүмдүк тиричиликке керектүү азыктарды базардан эмес, бакчадан камсыз кылабыз. Анын үстүнө эч кандай кошулмасыз экологиялык жаткан нукура таза болот. Айыл чарба азыктарын өстүргөндөн сырткары менин 3500 сом өлчөмүндөгү пенсиям менен жашайбыз. Башка кирешебиз жок. Беш балалуумун”,-деди.

Каарманыбыз өзү өстүргөн жашыл-жемиштерди сатып, киреше алууну көздөбөйт. Анткени, түшүмүн сатууга келгенде өтпөй калуу коркунучу тооруп турарын айтат.

“Быйыл сарымсакты көп эгип алып ойлонуп турам. Кышында суук, сактоо кыйын. Өзүнүн нормалдуу температурасында койсо сакталбайт, тоңуп калат. Эгерде кардарлар тарабынан кайсы бир көлөмдө сатып алуу келишими болсо, өстүрөмүн. Эгери эгип алып сата албай калсам, убайым тартабыз”,-дейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!