10-июль: температура +38 градуска жетүүдө

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 10-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынды жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Ал эми 10-июлда күндүз жана 11-12-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +22...+27, күндүз +33...+38;

Талас аймагында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22...+27, күндүз +33...+38;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +15...+20, күндүз +23...+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Бишкек шаарында 10-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +24...+26, күндүз +35...+37 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!