13-июль: аймактарда жаан жаашы күтүлөт

13-Июль 2017, Бейшемби

Бүгүн, 13-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28;

Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27;

Бишкек шаарында 13-15-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 14-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!