​“Белизгейт” окуясы президенттин көзөмөлүндө

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

"Белизгейт" окуясы мамлекет башчынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, "Белизгейт" боюнча маселе анын көзөмөлүндө турат.

"Башкы прокурорду улам чакырып, "Белизгейт" боюнча маалымат алып турам. Бул боюнча мени унуттуруп жатат дебегиле, бул иш унутта калган жок. Прокуратура азыр ал жакка жөнөтүп, кайра жооп алып жатат. Бул иш унутта калган жок. Мен айткандай эле, бул иш тастыкталбаса УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев жооп берет",- деди Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!