​Айнуру Алтыбаева: “Депутаттык жеңилдиктерди пайдаланбайм”

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Депутаттык милдет, атуулдук парз, эл алдында берген убада... Мындан эки жыл мурда парламентке ар кайсы тармактан келип, өлкөнү ар тараптан өнүктүрүүгө белсенип, маңыздуу мыйзам жазууга аракет кылып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү тууралуу “ZAMAN.KG” маалымат агенттиги “Эл өкүлү электе” түрмөгүн ачкан эле. Аталган рубриканын алкагында парламентте олтурган ар бир депутаттын кандай мыйзам жазып, эмне иш аткаргандыгы тууралуу таанышсаңыз болот.

Рубриканын кезектеги коногу КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева. Бул айым Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышында депутат болгон учурунда 37 мыйзамга авторлош болуп, учурда анын аткарылышын көзөмөлгө алып жаткан учуру.

- Айнуру Тойчиевна, сиз автор болуп жаткан жана буга чейин авторлош болгон мыйзамдар тууралуу айтып өтсөңүз?

- Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышында тең депутат болдум. Авторлош болгон мыйзамдар парламент тарабынан колдоо таап, учурда иштеп келе жатат. Алтынчы чакырылыштын 2-сессиясы бүттү. Мында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргиздим. Ал мыйзамда фракциянын тизмесинен аял депутат болуп келип, кийин мандатын тапшырган учурда анын ордуна эркек киши эмес, аял киши депутат болсун деген ченем өттү. Мындан тышкары акыркы мыйзамдардан социалдык багыттагы мыйзам долбоору жөлөк пул, сүйүнчү пул жөнүндө бир топ мыйзамдар бар. Алар колдоо таап, жакында сүйүнчү пул тууралуу мыйзамга өлкө башчысы кол коюп, мыйзам күчүнө кирди. 5-чакырылышта жалпысынан 37 мыйзамга өзүм демилгечи болуп, айрымдары депутаттар тарабынан сунушталып, кошумча, алымчаларын киргиздик. Парламенттин дагы бир функциясы-мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө. Мыйзамды жазып коюп ал иштебей калган учурлар болот. Ошон үчүн 5-чакырылышта «Жашы жете элек кыздарды ала качуу тууралуу» мыйзамды жазгам. Ага чейин Кылмыш жаза кодексинде малды уурдаган кылмышкерге 11 жыл берилсе, адам уурдаган кылмышкерге 10 жыл берилип эркинен ажыратылат болчу. Биз ал мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, катаалдаттык. Учурда тактап айтканда 6-чакырылышта мыйзамдардын канчалык деңгээлде иштеп жатканын көзөмөл жүргүзүп жаткан учурум.

- Сиз тарабынан мыйзам долбоору сунушталып, бирок парламент тарабынан колдоо таппай, артка кайтарылган мыйзамдар болдубу?

- “Кыргыз улуттук кийимдери күнүн” белгилөө тууралуу токтом долбоорун демилгелеп чыккам. Анда 5-март жыл сайын “Ак калпак жана кыргыз улуттук кийимдери күнү” катары белгилөө сунушталган. Аталган токтомдун негизги максаты улуттук баш кийим болгон Ак калпакты даңазалоо жана жайылтуу болуп саналган. Ушул токтом долбоорунда бул демилге ата мекендик жеңил өнөр жайынын жана туризмдин Кыргызстанда өнүгүүсүнө жагымдуу таасир тийгизе тургандыгын да белгилөө зарылдыгы көрсөтүлгөн. Бирок токтом долбоору парламент тарабынан колдоо тапкан жок. Мындан тышкары 5-чакырылышта “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунушталган мыйзам долбоорунун демилгелеп чыккам. Ал жерде жашы жете элек кыздарды мажбурлап никеге тургузуу фактыларын кыскартуу максатында кыздарды эрте никеге тургузууга тыюу салуу боюнча жазылган. Ал мыйзам өтпөй калган. Жакшылып иштеп чыгып 6-чакырылышта колдоо таап, өттү.

-Кайсы депутаттык комиссияларга мүчөсүз?

- Бир дагы депутаттык комиссиянын мүчөсү эмесмин.

-Шайлоо алдында элге берген убадалардын кайсылары аткарылды?

- 2010-жылдан бери Баш мыйзамдын редакциясында парламенттик башкаруу системасына өткөнбүз. Шайлоодо партиянын программасынын негизинде, анын идиеологиясын колдосо анан депутат болуп шайланып келебиз. Мен КСДП партиясынын мүчөсү катары биздин багытыбыз, идеологиябыз биринчи кезекте элдин социалдык маселелерин чечүү, билим берүү экенин эскертким келет. Ушул жаатта иш алып бара жатабыз.

-Парламентте же башка жерде сиздин демилгеңиз менен кандай иш-чаралар уюштурулду?

- Жогорку Кеңеште ар тараптуу иштер көп эле болду десем жаңылышпайм. Өзүм көбүнчө социалдык багыттагы масселелерге көп басым жасап келем. Мисалы үй-бүлө, балдар, аялдар, карыялар маселеси жана башкалар. Кыргызстанда жылына 24-сентябрь “Үй-бүлө, ишенич жана ынтымак күнү” катары белгиленип келет. Бул сунушту Жогорку Кеңешке алып чыкканымда кесиптештерим тарабынан колдоо таап, азыр өлкөдө бул күн расмий белгиленбесе дагы, бейрасмий белгиленүүдө. Ошондой эле менин демилгем менен 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы аркылуу “Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы” жылы деп жарыяланды. Мындан тышкары аялдардын маселесине дагы көп көңүл буруп жатам.

- Аялдар маселесин козгоп калдыңыз. Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу гендердик теңчилик боюнча кандай баратат?

- Азыр мурунку чакырылышка салыштырмалуу Жогорку Кеңеште аялдар аз. Айрым фракцияларда бир дагы депутат аял жок. Ал эми мамлекеттик башкаруу струтурасында көп эле аялдар иштеп жатат. Мисалы, Жогорку Сот, прокурор, вице-премьер министр, Каржы министрлигинде болуп айымдар иштеп жатат. Бул дагы мамлекеттин маанилүү тармактарына кирет. Ал эми учурда айылдык кеңештердеги депутаттардын 8 гана пайызын аялдар түзөт. Бул көрсөткүч өткөн жылы 16 пайызды түзгөн эле. Бул маселенин үстүндө иштеп жатам.

-Алтынчы чакырылыштагы парламенттин өзгөчөлүгү кандай деп ойлойсуз, эл алдындагы вазийпасын канчалык деңгээлде аткара алды?

- Алгач өткөн чакырылыштагы парламенттин өзгөчөлүгү тууралуу учкай токтоло кетейин. Өзүңүзгө маалым 2010-жылы Кыргызстан көптөгөн окуяларды башынан кечирди. 7-апрель окуясы, 10-июнда Ош коогалаңы андан кийин эле 2010-жылы октябрда шайлоо болду. Ошол учурда Ак үй алдында көптөгөн митинг-пикет байма-бай өтүп жатты. Парламент ошол жылдан тарта стабилдүүлүккө көбүрөөк иштеди. Стабилдүүлүк болгон жерде чет өлкөлүк инвесторлор, донорлор көп келишет. Экономикабыз өнүгүп-өссүн десек мамлекетте тынчтык болушу керек. Ошондон улам 5-чакырылышта Жогорку Кеңеш үчү өзгөчө оор жыл болду. Ал эми 6-чакырылышта тынчтык өкүм сүрдү, мамлекетте бейпил жашоо орноду. Мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзчү мыйзам долбоорлор иштелип чыгып, күчүнө кирди. Андыктан ар бир чакырлыштын өзгөчөлүгү бар.

-Депутаттарга берилчү кайсы жеңилдиктерди колдоносуз?

- Бул чакырылыштагы депуттар жеңилдиктерден баш тартышкан. Депутаттык жеңилдиктердин эч кайсынысын пайдаланбайм. Ар бир депутат өзүнө таандык унаалары менен жүрөт. Спикерге жана 2 вице-спикерге ошондой эле көзү азиз депутат Дастан Бекешовго гана кызматтык унаа берилген. Калгандарында жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!