Депутаттын баласынын унаасы суудан чыгарылды (видео)

10-Авг. 2017, Бейшемби

Сары-Жаз суусуна унаа менен кулап кеткен депутаттын баласынын унаасы табылды. Бул тууралуу “ZAMAN.kg” сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымына караганда, жеңил унаасы менен сууга кулап кеткен айдоочунун унаасы суунун жээк тарабынан табылган. Анын ичине кум-шагыл толуп калган.

"Бул факты боюнча айдоочунун сөөгү табылмайынча биз азыр эч нерсе деп айта албайбыз",- дейт Усубакунов.

Ал эми Аксуу районуна караштуу Жыргалаң айылында жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 7-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамы менен Каракол шаарында жайгашкан өрт өчүрүүчүлөрдүн өздүк курамы Сары-Жаз суусуна кирип кеткен “Нива” үлгүсүндөгү автоунааны чыгаруу аракеттин көрүлгөнүн аталган министрликтен билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-июлда түнкү саат 00:30 чамасында Эңилчек-Эчкилиташ унаа жолунда бараткан “Нива” үлгүсүндөгү унаа Ак-Суу районундагы Сары-Жаз суусуна кулап кеткен. Анын натыйжасында Кара-Кол шаардык кеңешиндеги депутатынын 1982-жылы туулган М.Таалай аттуу баласы сууга агып кеткен. Ал ушул күнгө чейин дайынсыз болуда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!