Гүлайым Мурзаева: ““Newtv” телеканалына 100 күн болду”

11-Авг. 2017, Жума

Бүгүн “Newtv” телеканалынын эфирге чыкканына 100 күн болду. Мындан улам эрте менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулган “Таң маанай” программасынын алып баруучусу аны менен катар продюсердик кызматты аркалап келген Гүлайым Мурзаева бүгүн бизде конокто.

- Гүлайым айым, биздин Zaman.kg маалымат агенттигинин редакциябызга кош келипсиз! Алгач маегибизди баштаардан мурун “Newtv” телеканалы тууралуу сурагым келип турат. Учурда телеканал көрөрмандардын оозуна илинип, эфирге чыкканынын 100 күндүгүн белгилеп жаткан учуру экен. Алгачкы эфир тууралуу айтып берсеңиз?

- Өзүңүздөр билгендей “Newtv” каналы 2017-жылдын 1-май күнү эфирге чыгып баштаган. Дал ушул күнү биздин "Таң маанай" деп аталган таңкы программа да түз эфирге чыгып, ошондон бери эртең менен телекөрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап келебиз. Негизи ар бир жаңы башталган жумушта түйшүк көп болот эмеспи. Анын сыңары алгачкы чыгарылган эфирлерди эстегенде күнү-түнү эмгектенген күндөр, жоктон бар кылып күнүнө үчтөн, төрттөн жасаган сюжеттер, жадагалса дем алыш күндөр да эс алуу тууралуу ойлонбогонубуз эсимде экен. Жалпы жамаат мына ушундай тартипте иштеген үчүн мына ушундай кыска убакыттын аралыгында ушундай көрүүчү топтой алдык деп ойлойм.

- Экран артында телекөрүүчүлөргө билинбеген кызыктуу учурлар көп болот эмеспи. Ошол кызыктуу окуялардан бөлүшүп кетсеңиз?

- Бизде ар күнү түз эфир болгондуктан, кызыктуу учурлар көп эле болот. Көпчүлүгү эсте калбайт. Бирок, бир окуя эсимде калыптыр. Сурап калдыңыз, эми айтып кетейин. Бир жолу бир алып баруучу кызыбыз түз эфир учурунда кирпиги түшөйүн деп калыптыр. Аны өзү дагы байкабайт. Аны менен чогуу чыга турган жигит жаңыдан гана түз эфирге чыгып баштаган эле... Кулакка тагылуучу наушник ошол баланын кулагында тагылган эле. Кулагынан улам “тиги кыздн кирпигин кадрда болбогон учурда алдырып койчу” дейбиз.. Коноктор менен маек болуп жаткан. Алып баруучу бала болсо жаңыдан чыгып жаткандыктан ага кантип түшүндүрүшүн же эмне кылаарын билбей, коноктор да алагды болушуп, аябай убара болгонубузду эстеп күлүп калабыз.

- Ар бир эле адам кичине кезинде бир кесиптин ээси болсом деп максат кылат эмеспи. Сиз дагы алып баруучу болом деп кыялданчу белеңиз же телеге капысынан келип калдыңызбы?

- Мен тоолордун арасында чонойгон кызмын. Андыктан биздин айылда жумуштун түрүн жасап чоңойдук. Анын арасында кой да кайтарчу элек. Ошондо бийик-бийик чокуларда өзүмдү Эл артисти элестетип, койлорго далай акысыз концерттерди койдум. Көбүнчө КРнын эл артисти Саламат Садыкова эжекебиздин аткаруусундагы ырларды катыра ырдачумун. Бирок, ата-энемдин кеңеши менен музыкалык жаатка тапшырган жокмун. "Эртең күйөөң, ырдатабы, ырдатпайбы кой балам тынч эле эл катары башка кесипти аркала" деген кеңештери менен башка кесипке эле окугам. Айылда ал убакта ушундай түшүнүк ушундай болчу. Бирок, өзүмдү теледен тапканыма кубанычтамын.

- Чыгармачылыкта сизди колдогон адамдар кимдер? Аял киши үчүн жумуш менен үй-бүлөну чогуу алып кетуу кыйынчылык жаратпайбы?

- Негизи менин биринчи колдоочум ата-энем десем болот. Атам бир нече китептердин автору, акын, тажрыйбалуу филолог болгондуктан мага дем күч берип, кеп-кеңешин айтып турат. Китеп көп окуган киши болгондуктан көп суроолорумду ошол кишиден сурайм. Идеяларды алам. Апам көбүнчө «жумушун өтө оор, сен кандай жумуш болбосун майын чыгарасың. Өзүнду кыйнаба» деп эне катары аяп турат. Ал эми жол башчым жолдошумдун колдоосунун орду башка. Ал менин жумушумду түшүнгөнү, иштегениме уруксат бергени эле мен үчүн чоң сыйлык. Анан да интеллекти бийик, өзгөчө көз караштагы адам болгондуктан анын кеп кеңеши да мен үчүн маанилүү. Азыр балдарым каникулдан келди, эми бала бакчага шашкан учур башталат. Ал эми жумуш менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүүдө эң башкысы убакытты туура пайдаланып, туура бөлүштүрүү керек деп ойлойм. Мен бош олтурбайм эч жерде. Ошон үчүн убагында бүтүрүүгө тырышам. Эң башкысы каалоо болсо баары жакшы болот.

– Гулайым айым, учурдан пайдаланып сиздин бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктап кетпесем болбос! Билишмче 30 жашка толгон курагыңыз. Бул жаш куракта сизде кандай сезимдер болуп жатат?

- Рахмат. Кече эле кыргыз элине таанымал ырчы Бек Борбиев агабыздын 30 жаш деген ырларын угуп, 30 жаштагылар көзүбүзгө чоң эле адам катары сезилип, биз 30 га жеткиче көп бар дагы деп кыялданган кыздар элек. Бүгүн көз ачып жумганча өзүм отузга чыгып, бир чети кубанып, бир чети ичим ачышып турам. Убакыттын кандай бат өткөнүнө ой жүгүртүп, ойлорум учу кыйырына жетпей жаткан учурум. Өмүр жөнүндө, жашоо жөнүндө, убакыт жөнүндө, адамдар жөнүндө, тирүүчүлүк жөнүндө, келечегим жана, буга чейинки жасалган жумуштар тууралуу ойлор биринин артынан бири чупап дегендей. Бул тирүүчүлүктө ким канча жашаарын, алдыда дагы канча өмүр бар экенин эч ким айта албайт. Анан да жакшы сөз жан эритет дейт, айланадагы жакын адамдарым, соцтармактагы досторум, өзгөчө кесиптештерим түз эфир учурунда эле куттуктап башташкан. Кийин жумушка келсем, чогулуп чакан сюрприз даярдап коюушуптур. Айтор мен баарына ыраазымын. Чоң рахматымды айтам. Анан да телекөрүүчүлөрдүн куттуктоосуна өзгөчө ыраазы болдум. Жетекчилик, жалпы жамаатка рахмат. Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе, бул каналда жалаң ойлору курч, өзгөчө ойлонгон, идеяга бай жаштар эмгектенет. Мына ушундай ынтымактуу жамаатта эмгектенүү мен үчүн чоң сыймык. Өзгөчө Башкы директорубуз, Нурлан Шакиев, тажрыйбалуу журналист Бейшенбек Бекешов агайыбыз, башкы продюсер Алтынбек Деркенбаев, жаңылыктар бөлүмүнүн продюсери Сакы Садыков агайлар менен иштешүү мага өзгөчө сыймык. Бул кишилерден үйрөнө турган көп нерсем бар.

- Теле алып баруучу болом деген жаш улан-кыздарга эмне деп кеңешиңизди берет элеңиз?

- Чынында теле бул аябагандай чоң мектеп. Өтө жоопкерчиликтүүлүктү, чыдамкайлыкты, тапкычтыкты, кырдаалдан бат чыга билүүнү талап кылат. Алып баруучулук үчүн негизинен сырткы келбет менен кошо сөз байлык, анан интеллектуалдык деңгээли бийик болуу керек. Бул үчөөсү бирин-бири толуктап турат. Анан ар бир адамдын аракетинен. Эгерде ары жагында бир нерсе болсо, ошону сууруп чыкканга, өстүргөнгө, өзүнө болгон ишенимин жогорулатууга аракет кылабыз. Мисалы: "сен азамат турбайсыңбы, аа көрсө сенин мындай да талантын бар турбайбы, же сен өтө жоопкерчиликтүү экенсиң" дегенде андан да жоопкерчиликтүү болуп башташат. Бул менин жаштарга колдонгон ыкмам десем болот.Маегиңизге чоң рахмат! Сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалап, көрүүчүлөрдүн катары көбөйө берсин деген тилекти айткыбыз келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!