Улуу Жибек жолундагы кербен Ошту аралап өтөт

11-Авг. 2017, Жума

Ушул жылдын 19-август күнү түрдүү түмөн түскө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу жибек жолунун кербени байыркы Ош шаарында өтөт.

Уюштуруучулардын бири Улукбек Аданбаев маалымдагандай, иш-чара жылда өткөрүлө турган туристтик фестивалдардын алгачкысы болуп, Ош Фест-2017 деп аталмакчы. Фестиваль Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси долбоору жана Ош Дестинация (туризмди өнүктүрүү боюнча уюм) тарабынан уюштурулууда.

Кербендин жүрүшү Н.Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс атындагы мектептен башталып, Ош шаарынын борборунан өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы паркта токтойт. Иш-чара андан ары паркта уланып, улуттук музыка, бий, кол өнөрчүлөрдүн мастер класстары жана Ош шаарынын улуттук тамактарынын жасалышынын көргөзмөлөрү уюштурулат.

Ош Фест 2017 иш-чарасынын максаты - туризмди өнүктүрүү аракетинде орчундуу салым кошкон Ош Дестинацияны чагылдыруу жана аталган шаардагы туристтерди тарта турган сунуштарды жайылтуу болуп эсептелет. Андан тышкары бул иш-чара Ош шаарынын жаштары арасында аталган шаардын тарыхый мурастарына болгон байланыш жана сыймыктануу сезимдерин ойготууга багытталган.

Фестиваль Ош Дестинациясы жана шаардык мэрия тарабынан өткөрүлүп, бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси аттуу долбоордун колдоосу менен ишке ашууда.

Ош шаары көп кылымдык тарыхый бар көөнө калаа аталып, булуттар чапчыган Памир тоосунун бийиктиктеринен түшкөндөн кийин, Кытайдан Рим империясына багыт алган кербендердин жолундагы алгачкы транзиттик шаар, чыгыш менен батыштын ортосундагы көпүрө катары сыпатталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!