Шаар бийлигинин өкүлдөрү Анжиянда болушту

11-Авг. 2017, Жума

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган делегация кошуна Өзбекстандын Анжиян шаарында жумушчу сапар менен болду.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, кошуна өлкөгө сапар Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашты.

Алгач расмий топ Анжиян облусунун Хожабад районундагы өзбек-герман “Навигул” биргелешкен ишканасындо болуп, ал жердеги логистикалык борбор, мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышты. Андан ары Анжияндагы автосалон, “Андижан теххизмат” ишканасы, шаардык борборлоштурулган балдар ооруканасынын, “Махалла гузар” деп аталган курулуш обьектилери менен таанышып чыгышты. Сапардын уландысы Захриддин Бабур атындагы тарыхый музейинде болуп, Бабурдун тарыхтагы ордун чагылдырган китептер, тарыхый буюмдар коноктордун назарына тартууланды.

Андиян шаарындагы “Богишамол” паркына кыргыздын улуттук боз үйүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев белекке тартуулады.

“Захриддин Бабур Ош шаарындагы Сулайман тоонун чокусуна үй салып ошол жерде шаарга суктанып, эс алган экен. Биз дагы тарыхты улап, Анжияндын борборуна минтип кыргыз боз үйүн куруп эки эл эс алып отурабыз. Кыргыз менен өзбек эли мурунтадан ага-ини, дос, бир тууган эл болгон”,-деди Кадырбаев.

Жумушчу сапардын жыйынтыктоочу бөлүгү Ош шаары менен Анжиян шаарынын ишкерлери ортосунда бизнес-форум менен коштолуп, бизнес климатты жакшыртуу кадамдары талкууланды. Кыргыз тараптын демилгеси менен кийинки жылы форумду Ош шаарында өткөрүу демилгеси айтылды.

Көп жыл бою Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы солгун мамиле өткөн жылдан баштап жакшы нукка бурула баштаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!