14-август: жаан-жачын болбойт

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 14-августта түнкүсүн түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;

Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27;

Бишкек шаарында 14-15-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +30...+32 градус ысык болот.

Ал эми 15-августта күндүз жана 16-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-августта айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!