15-август: бийик тоолордо кар жаайт

15-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 15-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28;

Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +26...+31;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 15-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 16-августта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. 16-августта күндүз жана 17-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. 17-августта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!