17-август: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

17-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 17-августта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +21...+26;

Талас аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23;

Бишкек шаарында 17-августта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +24...+26 градус ысык болот.

Ал эми 18-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү бийик тоолордо кар жашы күтүлөт. Калган аймактарда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. 18-августта күндүз жаан-чачынболбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 19-августта жана 20-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!