Кыргыз-өзбек мамилелеринин жаңы барагы ачылды

17-Авг. 2017, Бейшемби

Кечээ, 16-августта Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болду.

Жыйын Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү. Жыйын башталар алдында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болуп өттү.

«Сиздер менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. Өзбекстан менен жылуу коңшулук мамилелерди өнүктүрүү - Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн кубануу менен белгилейм. Эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны акыркы жолу 2009-жылы өткөрүлгөн. Өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу мүнөздөгү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болуп саналат», – деди Жээнбеков,

Ал эми Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Өзбекстан Кыргызстан менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Андан сырткары 2016-жылдын сентябрынан тарта бардык маанилүү багыттар боюнча эки жактуу мамилелер жанданганын белгиледи.

«Тар чөйрөдө биз жыйынтык документте карала турган бардык жагдайларды талкууладык. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер боюнча эч кандай суроо жок. Мен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишенем. Биз өз ара ыңгайлуу макулдашууларга жетишебиз», - деди Арипов.

Ошондой эле, ал Өзбекстан соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны аяктаган соң, Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!