Багбанчылыктан баар тапкан Бакай

17-Авг. 2017, Бейшемби

Бакай Алиев Жалал-Абад облусундагы “универсалдуу” багбан катары таанымал. Ал жазында талаада, кышында күнөсканада жашылча-жемиштердин түрүн өстүрүп келет. Мындан сырткары ишкер козу карын өстүрүп, жумуртка өндүрүү, жашылча-жемиштерди кургатуу, максым чыгаруу, курут таңгактоо, өсүмдүк майын чыгаруу жаатында иш алып барат.

Багбанчылыктын жана ишкерчиликтин бир нече түрүн өздөштүргөн каарманыбыз кесиби боюнча информатик. Жаш ишкерлер ассоциациясына мүчө болгон. Чет өлкөлөргө чыгып, өз тажрыйбасын арттырып турат.

“Түркиялык фирмада иштеп жүрүп көп нерсеге көзүм жетти. Бирөөлөрдүн жумушун жасап жүрө бербей, өз алдынча иш баштайлы деп ойлондум. Дыйканчылык менен алектенгениме 8 жылдан ашып калды. Быйыл 50 сотых жерге помидор тиккем. Күн сайын 1,5 тоннага чейин түшүм жыйнап жатабыз. Бадыраңдын экинчи түшүмүн эккенбиз. Күнүнө 500 килограммдан жыйнайбыз”,-деди.

Багбан өстүргөн жашылча-жемиштердин асылдуулугун арттыруу үчүн тооктун, уйдун, малдын кыгын аралаштырып, колдонот. Өндүргөн айыл-чарба өсүмдүктөрүн жергиликтүү заводго тапшырып, ички керектөөнү камсыз кылса, кургатылган азыктарды Түркияга экспорттойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!