18-август: айрым жерлерде жаан жаайт

18-Авг. 2017, Жума

Бүгүн, 18-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын бобойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;

Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;

Баткен дубанында түнкүсүн +12...+17, күндуз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында 18-августта ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 19-августта жана 20-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-августта күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-августта күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!