Куткаруу кызматы мэрияга өтүнүч менен кайрылды

23-Авг. 2017, Шаршемби

Бишкек шаардык куткаруу кызматы борбор калаадагы каналдардын жээктерин тосуп берүүнү бийликтен өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта “Zaman.kg" сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын башчысы Мелисбек Назарбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, борбор калаадагы сууга чөгүп кеткен окуялардын көбү шаар ичиндеги каналдарда орун алат.

“Каналдардын жээктеринде тосмолор болбогондуктан мас абалдагы адамдар жана катуу ылдамтыкта бара жаткан унаалар каналга түшүп кетип, алар суудан чыга албай калып каза болуп калышууда. Ошондуктан биз Бишкек мэриясынан, райондун акимдеринен жана айыл өкмөт башчыларынан кооптуу болгон каналдын жээктерин тосуп берүүсүн суранат элек. Себеби, каналдардын жээктери тосулса, анда сууга чөгүп каза болгондордун саны бир топ азаймак”,- деди Назарбеков.

“Адамдар сууга агып же көлмөлөргө чөгүп кетип, каза болсо эле “куткаруучулар кечигип келди” деп биздин кызматкерлерди элдер күнөөлөп чыга келишет. Мунун баарын мен четке кагам. Ал эми сууга чөккөн адамдарды куткарып, аларга биринчи медициналык жардам көргөзүп жаткан учурда акылдуу сынган адамдар өтө көп болот. Өзгөчө 6 жашка чейинки балдарга бир кол менен биринчи медициналык жардам көрсөтүп жатканда, айрым адамдар туура эмес жардам көрсөтүп жатасыңар, эки кол менен жардам кылгыла деп кызматкерлерге кыйын болуп, алардын куткаруу ишине тоскоолдук кылган учурлар да болот. Негизи медицина боюнча 6 жашка чейинки балдарга бир кол менен, 6 жаштан жогоруларга эки кол менен биринчи мединиалык жардам көрсөтүлөт. Себеби, жаш балдарды жасалма дем алдырарда бир кол менен төшүн басып, дем алдырбаса балдардын төш сөөгү сынып кетиши мүмкүн”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын башынан бери Бишкек шаары боюнча жалпы 14 адам сууга чөгүп каза болгон. Ошондой эле 6 адамды ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын кызматкерлери куткарып калган. Ал эми 2016-жылы шаар боюнча 24 адам сууга чөгүп каза тапса, 17 адам куткарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!