26-август: аба +34 градуска чейин ысыйт

26-Авг. 2017, Ишемби

Бүгүн, 26-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;

Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +27...+32;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +17...+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 26-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +29...+31 градус ысык болот.

Ал эми 27-28-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!