28-август: күн ачык болот

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 28-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;

Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +28...+33;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +31...+33 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!