Эгемендүүлүк күнүнө карата сүрөт көргөзмө ачылды

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстан көз карандысыз алгандан берки турмушун чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды.

«Иштебиз! Работаем!» деп аталган сүрөттөр топтому өлкө эгемендик алгандан берки мезгил аралыгындагы жетишкендиктер, ийгиликтер тартылган эмгектерден турат.

Аталган сүрөт көргөзмө белгилүү сүрөтчү Алимжан Жоробаевдин демилгеси жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылган. Ал жерге жалпы 100 чакты сүрөт коюлган.

Кыргызстан быйыл 31-августта көз карандысыздыгынын 26 жылдыгын белгилейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!