7-сентябрь: айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт

7-Сен. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 7-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым, жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32;

Баткен дубанында түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында түнкүсүн күн күркүрөйт, күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 8-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!