Үлгү болчу жаңы дүкөн ишке кирди

12-Сен. 2017, Шейшемби, 12:51

Бишкек шаарында башкаларга үлгү болоорлук жаңы “У дома” аталышында магазин ишке кирди. Бул тууралуу “Жашыл экономика” аталышындагы Борбор калаанын айланасында өткөрүлгөн пресс турдун жүрүшүндө аталган магазиндин ээси Салтанат Касыкеева билдирди.

Анын айтымына караганда, ишкерлер үчүн “KyrSEFF” прогрраммасы эң ыңгайлуу программалардын бири.

“Мен балалуу болуп үйдө отуруп калганда үйдүн жанында жакшы бир магазин болсо деп ойлонуп жүрдүм. Анткени, баламды магазинге жибергенде, аны алдабай тургандай чек аркылуу соода кылган ишенимдүү жай болсо деп ойлочумун. Бирок, тилекке каршы үйүбүздүн тегерегине андай жай салынган жок. Анан мындай магазинди өзүм ачууну ойлонуп, жолдошума сунуштасам. Ал менин идеамды колдоду. Алгач биз чакан магазин ачып, анда 3 жылга жакын иштегенден кийин аны чоңойтууну чечтик. Ошентип магазинибизди жакшыртуу максатында “KyrSEFFге” барсак, алар бизге жакшы кеңеш беришти. Анан алардан грант алып, магазинге энергиялык жактан пайдалуу муздаткыч, жарык берүүчү техникаларды жана ысык-суукту өткөрбөгөн терезелерди сатып алдык. Биз бул магазинди ачуу менен башкаларга үлгү болгубуз келет. Себеби, магазинге жарык берүүчү жабдыктар чоң көрүнгөнү менен 20 килватт гана электр энергия сарпталат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Ошондуктан баарына мындай жабдыктарды колдонууну сунуштайм. Анткени, бүгүнкү күндө дүйдөнө суу тартыштыгынан улам электр энергия тартыштыгу жаралууда. Ошон үчүн энергиялык жактан пайдалуу жабдыктардуу колдонушубуз керек”,- дейт Касыкеева.

“Ошондой эле магазин ачуу аракетин кылгандар жарандарга “KyrSEFF” деген прогрраммасы менен иштөө алар үчүн эң ыңгайлуу болоорун айтып кетмекчимин”,- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!