Австралиянын финансы компаниясында иштеген Алтынбек

12-Сен. 2017, Шейшемби, 15:28

Австралиянын Мельбурн шаарындагы Форекс брокер финансы компаниясында иштеген 30 жаштагы кыргызстандык програмист Алтынбек Усенов, Mac жана ios системаларына кыргызча клавиатура жасаган мекендешибиз «Zaman.kg» сайтынын кабарчысы менен маек курду.

-Алтынбек мырза, алгач өзүңүз жөнүндө кыскача тааныштыра кетсеңиз? Кайсы жердин кулуну болосуз?

-Мен Нарын шаарынын кулуну болом. Ошол керемет жерде төрөлүп жана орто мектепти аяктагам.

-Австралияга сиз кандайча келип калдыңыз жана Форекс брокер финансы компаниясына кандайча ишке кирип калдыңыз? Бул жакта эмне иш кыласыз?

-Австралияга келгениме үч жарым жылдан ашып калды. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө эле бул мамлекетке келип окууну жана тажрыйба топтоону кыялданчымын. Бул жакка атайын Австралиянын миграция программасы аркылуу келгем. Виза алыш үчүн үч жылдан ашык даярданып, документтерди тапшырган соң бир жыл күткөм.

Азыр иштеп жаткан жерим, бул жактагы үчүнчү ишим. Австралияда мурда иштебеген адамдар үчүн биринчи жумушту табыш оордук жаратат. Кудайга шүгүр, мен бир ай ичинде эле жаңы башталып жаткан стартап компаниясына орношуп калдым. Биринчи жумушка орношууда Кыргызстанда иштеген жерлер жана аткарган проекттерим жакшы жардам берди. Тилекке каршы, үч айдан кийин жаңы жумуш жакшы болбогондугуна байланыштуу, акча тартыштыгы болуп ал жактан кетүүгө туура келди. Ошентип жумуш издеп, ар кайсы жумуш менен камсыз кылган агентстволорго резюме жөнөтүп баштадым.

Экинчи жумушту табыш оңоюраак болду. Бир жуманын ичинде экинчи жумушта иштеп баштадым. Жаңыдан эле иштеп, жаңы жерге көнүшүп баштаганда агенттиктер жумуш сунуштап телефон чала башташты. Адам бир жерден көгөрөт деп, баарынан баш тартып жаттым. Агенттиктердин бири жазуу түрүндө баш тартууну сунуштады. Себебин коллегалары кайра чалып тынчымды албашы үчүн деп түшүндүрдү. Мен макул болуп «Мага жумуш керек эмес» маанисинде электрондук кат жөнөттүм. Алар болсо жооп катары, рахмат айтышып жана өтө тез аранын ичинде программист издеп жатышканын жана тааныш же достор болсо кабар берип коюшумду өтүнүштү. Мен катты ачып карасам мен каалаган технологиялар жана мен издеп жүргөн жумуш экен. Өзүм аларга кайрылып өзүмдү сунуштадым. Эки сынактан кийин иштөөгө келишим кат жөнөтүштү. Сунуштардан баш тартып жатып, азыркы иштеп жаткан жеримде иштеп калдым. Жумушум кызыктуу жана мага аябай жагат.

-Бул жакта иш табуу жана иштөө кыйын болсо керек?

-Бул жакта жаңы келгендерге, биринчи жумуш табуу оорураак. Англисче жана өз кесибин жакшы билгендерге жумуш табылат. Албетте кесипке да байланыштуу.

Иштөө биздин системага караганда кыйыныраак. Сегиз саат иштөө дегенди ушул жактан көрдүм. Бизде деле жумуш убактысы сегиз саат, бирок биз көп болсо 4-5 саатын эле иштейбиз. Балким ошого өнүкпөй жаткандырбыз.

-Програмистердин иши оор экенин билген кишиге түшүнүктүү. Бирок, ошентсе да бул кесипти сиз эмне үчүн тандап алдыңыз? Бул кесипте иштеп калууңузга эмне түрткү болду?

-Мен программист болуума байкем себеп болгон. Ал да маалымат технологиялары менен алектенет. "Аганы көрүп-ини өсөт" деп ушул кесиптин ээси болуп калдым. Бул кесиптин бир кемчилиги же балким артыкчылыгы бул ар дайым окуп, жаңы нерселерди үйрөнүп туруу керек. Бир технология 1-2 жылда эле колдонулбай калышы толук мүмкүн. Окубай, жаңыланып турбасаң эле артта каласың.

-Аталган тармакка кандай жаңы нерселерди киргизе алдыңыз?

-Программа жазып баштаганыма 10 жылга жакындап калды. Көп нерселерди көрдүм, башымды башка программалоо тилдерине да салып көрдүм. Үйрөнгөн нерсем - бардык нерсени толук үйрөнүү мүмкүн эмес экен. Маалымат технологиясы өтө чоң тармактардан турат. Бирөөсүн жакшы билсең эле жетиштүү.

Кыйратып жаңы нерселерди кылган жокмун, бирок колдон келишинче бекер продуктуларга (open source) жардам кылам. Көбүнчө жумушка байланыштуу иштерди аткарып келем. Кыргызстанда жүргөндө Каржы министрлигинин электрондук картасын жана порталын жасагам. Австралияда болсо Mac жана ios системаларына кыргызча клавиатура жасадым. Негизи жумуштан сырткары бир нерсе менен алек болушка көп деле убактым жок, үй-бүлө деген да бар.

-Кыргызстандагы эле университеттен окугансызда, эгер бул жактан билим алган болсоңуз, анда аталган компанияга киргенде алган билимиңиз жетиштүү болдубу же кыйынчылыктарга туш болдуңузбу?

-Ооба, мен Кыргызстандагы эле жогоркуу окуу жайлардын биринен аяктагам. Негизи университет жол көрсөтүп жана фундаменталдык нерселерди эле үйрөтөт. Ар бир адам өзүнүн шыгына жараша ар кайсы тармактар менен кетет. Биздин окуу жайлардын билими жакшы эле. Кеп окуу жайда эмес, адамдын өзүндө. Нарындагы университетте окуп, азыр профессор болуп жүргөн байкебиз бар.

Биздин кесип жаңыланууну талап кылат. Университетте окуган нерселерди азыр колдонбойм деле, себеби алар эски. Химияны жөн гана кругозор үчүн окутушкан окшойт деп ойлоп коём.

-Форекс брокер финансылык компаниясына киргенден кандай кызыктуу окуяларга туш болдуңуз?

-Жаңы маданият жаңы атмосфера башкача болду. Бирок мен оңой эле көнүп кеттим. Эң оор болгону 8 саат иштөө болду окшойт. Ага деле көнөт экенсиң.

Мен таң калган нерселердин бири - директордун башкалар менен чогуу иштегени, бир бөлмөдө эл катары отурганы болду. Андан сырткары биз иштеген жерде кишилер жумушта жүргөндө сөгүнө беришет. Башта кызыктай болчумун кийин ага да көнүп калдым. Ошондой эле бул жакта жумуш учурунда кыздарга биз тийишкендей тийише албайсың. Адам укуктары катуу сакталат. Бирөөнүн дини, саясий көз карашы, жынысы, келбети ж.б.у.с. нерселерди талкуулаганга болбойт.

-Сиздин ишиңизге карата сындар айтылган учурлар болду беле?

Сындар айтылган жок. Бир да долбоорду кеч калтырган жокпуз. Бизде программисттер бири бирибиздин жазгандарыбызды текшеришип турабыз, кээ бир нерселерди унутуп калсак же ката кылган болсок, айтып оңдоттурабыз. Бир код бир канча текшерүүдөн өткөн соң гана аны колдонобуз. Жалпы жонунан жакшы эле иштеп атабыз. Азыр мен жаңы долбоорду жетектеп 4 киши менен кызуу иштешип жаткан кезим.

Жумушта коллегабыз кокустуктан улам базадагы маалыматтарды өчүрүп алган, анда деле аны жемелебей, барылап калыбына келтиргенбиз. "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" демекчи бирөөнүн кемчилигин сындабай аны биргелешип жойгонго аракет кылыш керек экенини түшүндүм.

-Негизи эле програмисттерге ар кандай суроолор менен кайрылган адамдар көп эле да. Анан сизге жакпаган 5 суроо же кыжырды келтирген 5 көрүнүштү айтып берсеңиз?

а. Аябай берилип, ишке баш отуң менен киришип иштеп атканда ар кайсы проблемаларды айтып келе беришет. Программисттерге концентрацияны жоготпоо өтө маанилүү. Кичине бир нерсеге көңүл бөлүп, кайра ишке киришүү орто эсеп менен 15 мүнөт талап кылат статистика боюнча.

б. Менин компьютерим иштебей жатат. Программисттер компьютер оңдогучтар эмес.

в. Курска барып программа жазаганды үйрөнүш керек эле. Биз 5 жыл окуп үйрөнгөн нерсени сен кантип 3 айлык курстан үйрөнгөнү жатасың дегиң келет.

г. Код жазган оңой эле го, менде бир идея бар ошону батыраак ишке ашыра калбайлыбы? Код жазган эч качан оңой эмес.

д. Жасаган нерсени жактырбай ошол эле заматта эч идеясы же сунушу жок адамдар кичине кыжырыңды келтирет.

-Кыргызстанда IT тармагы жакшы өнүгө электиги айтылып жүрөт. Анын себеби эмнеде деп ойлосуз? Ошондой эле 10 жылдан кийин бул тармакты кандай элестетесиз?

-Азыр акырындан өнүгүп келе жатат. Менимче бизде сапаттуу адистер аз. Бизде эптеп бир проект ойлонуштуруп акчасын алып, аны орто жолдо таштап салган учурларды угуп эле жүрөм. Ал эми 10 жылдан кийин дүйнөдөгү алдыңкы технологияларга жетишсек жакшы жетишкендик болот. Мисалы, мен үйдөн интернет аркылуу баардык мамлекеттик иштерди кылгым келет эле. Эч жакка чыкпай, паспорт алып же башка маалымдама ала алсаң кандай сонун.

-Келечекте сиз дагы алдыңкы байлардын катарын толуктап калсаңыз, анда өз мекениңиз Кыргызстан үчүн кандай иштерди кылат элеңиз?

а. Күнүгө жаңылыктардан ар кайсы жол кырсыктарын угуп тажап кеттим. Өткөн жылы мекениме бир айга барып, анын ичинде 4 жолу МАИ кызматкерине түштүм. Ал эми бул жакта 3 жылда бир да жолу түшкөн жокмун. Ушул сандардан эле айырманы билсе болот. Ушул башаламандыкты жөнгө салмакмын.

б. Азыр мобилдик телефон заманында адамдарга ыңгайлуу сервистер керек. Бул жакта телефонуң болсо, баарына жарайт. Ал аркылуу акча чыгарасың же төлөм жүргүзөсүң карточканын ордуна. Банктагы эсепке кирип, акча которсо жана төлөмдөрдү кылса болот. Ушул тармакты өнүктүрмөкмүн.

в. Электрондук мамлекет системасын ишке ашырмакмын. Бул жаатта Автстралия алдыңкы өлкөлөргө кирет. Чек-ара кызматы, иммиграция, каржы, бажы, социалдык төлөмдөр, страховка айтор кайсы тармак болбосун баарын автоматташтырылган. Интернет аркылуу эле иштерди бүтүрүп аласың. Ушундай система курмакмын, бирок бул үчүн акча гана эмес адистер да жетиштүү болушу керек.

г. Жогорудагы пунктка байланыштуу, чет жерде жүргөн мекендештерди Кыргызстанда иштөөгө чакырмакмын. Алардын тажрыйбасы өтө керек болоор эле. Анткени, бизде жасай турган иштер көп. Анын баарын аткарыш бир кишинин колунан келбейт. Жакшы команда менен иштешип, ар кайсы тармакты өнүктүрсө болот.

-Жаш програмистерге эмне дейт элеңиз? Жалпыга каалоо жана кайрылууңуз.

Ар дайым кыялданып жана максат коюп жашашыбыз керек демекчимин. Кыялдар орундалат. 4 жыл мурда мен да силердин араңарда, чет өлкөгө барып иштесем деп эңсейт элем. Сөзсүз түрдө англисче окугула, себеби сонун китептер англис тилинде жана технологиялар анлис тилдүү мамлекеттерде өнүккөн.

Элиме тынчтык жана ачык жол каалайм. Жакында президенттик шайлоо болот. Шайлоо таза өтүп, татыктуу жана эл жерин сүйгөн адам келсе деп тилейм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!