13-сентябрь: тоолуу райондордо жаан жаайт

13-Сен. 2017, Шаршемби, 09:04

Бүгүн, 13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27;

Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;

Баткен дубанында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 13-15-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +24...+26 градус ысык болот.

Ал эми 14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. 15-сентябрда жаан-чачын болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!