Саясаттан багбанчылыкка

13-Сен. 2017, Шаршемби, 12:20

“Мал баксаң жан багасың, жер баксаң эл багасың",-деген кеп бар элибизде. Өз доорунда окумуштуу, саясатчы, коомдук ишмер катары таанымал болгон инсандарыбыздын айрымдары жер иштетип, багбанчылык менен алектенип, эмгекчил жашоо образынын үлгүсүн көрсөтүп жатышат.

Кыргыздын белгилүү тарыхчысы, публицист, журналист Кыяс Молдокасымов эмгек жолунда бир катар белдүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Учурда президенттик аппаратка караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондун жетектейт.

Каарманыбыз учурда илимпоздук, коомдук иштерден сырткары багбанчылык менен да алектенет. Өз алдынча багбанчылыкка киришкенине он жылдан ашкан. Анын бакчасынан Кокон гиласы, шабдалы, алма, өрүктүн бир нече сорту, алыскы Аксынын кайнолусу, айтор көп түрдүү жемиш багы бар. Булардын катарын эки-үч жылдан бери кулпунай менен малина толуктай баштады.

“Багбанчылыкты бала чагымда атамдан үйрөнгөнмүн. Бул иш менен алектенгениме он жылдан ашты. Алгач каражат топтоп, үлүш жер алып, дыйканчылык менен алектенип көрдүк. Бирок андан майнап аз экен. Ошентип багбанчылыкты баштадым. Багбанчылык да түйшүктүү иш. Алгач эккен бактарым куурап, кийинки жылы кайра тиккен учурлар болду. Илдетке чалдыгып, куурай баштаса, кадимкидей эңшерилесиң. Бажырайып гүл ачып. Мөмөлөп турса, рахатка батасың”,-дейт.

“Багбанчылык адамды эс алдырат”

Ал багбанчылыктын материалдык пайдасынан дагы, руханий пайдасы көбүрөөк дейт.

“Багбанчылыктан кадимкидей эргүү алам. Унаамда ар дайым өтүк, кетмен, күрөк сыяктуу керектүү шаймандарым бар. Жумуштан бошоорум менен бакка бет алам. Күн бою компьютерде олтуруп, кечке маал кыймыл-аракетте болуу өтө пайдалуу экенин көрүп келем. Суу жээгинде балык кармагандай болуп,терс энергиянын баары чыгып, кадимкидей тазаланасың. Таза жашоо, ак мээнет менен бардар турмушка жеткенден өткөн бакыт жок деп түшүнөм. Өзүм менен кошо жубайым, балдарым да эмгектенет. Алгач шаар тартибинде өскөн балдарым бул жерде эч иш бүтпөйт экен деп чыдамы кете берчү. Азыр кадимкидей кара жумушка көнүп калышты. Балдарым эмгек менен өскөнүн көрүп кубанам. Багбанчылык адамды эс алдырып, таза жашоо рахатын тартуулайт экен”,-деди.

Абдрахманов: “Карылык мезгилди кыймыл-аракетте өткөргүм келди”

1990-жылдары Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын башында турган активист, азыркы учурда да өлкөдөгү демократиялык процесстердин мындан ары да уланышын жактаган саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов да учурда бардык күч-аракет, убактысын багбанчылыкка арнаган.

69 жаштагы каарманыбыз карылык доорду кыймыл-аракетте өткөрүү менен бирге, башкаларга өрнөк болсун деген максатта багбанчылыкка карай багыт алганын айтып берди.

“Өмүрүмдүн беш жылы парламентте бекер өтүп кетти. Анткени, ал жерде сенин идеяң өтпөсө, бир маселе чечпесең, жөн эле олтуруп эмне кереги бар? Мен башынан жалгыз жүргөндү жактырган кишимин. 90-жылдары жалгыз демократия деп чыккам. Андан кийин бизнесте жалгыз жүрдүм. Азыр деле жалгызмын. Канчалык жалгыздыкка көнсөң, эч кимге милдетиңди артпайсың. Адам өзүн-өзү карытат, ар дайым активдүү болсоң, кыймыл-аракетте жүрсөң, карыбайсың”,-деди.

Анын багбанчылыкка билек түрүп киришкенине эки жыл болду. Биринчи жылы алма өстүрүлө турган жерди даярдап, тегерек четин тоссо, быйыл жаз алды менен Италиядан 20 миң түп алма көчөтүн алып келип, жети гектар жерге тиккен. Эмки жылы дагы 20 миң түп, кийинки жылы дагы 20 миң алма тигүү дымагы бар экенин жашырбады.

“Инновациялык иш жасашыбыз керек”

“Кыргызстан бажы биримдигине кирди. Эмне сатып, оокат кылабыз? Жөнөкөй мисал менен айтканда унаанын бир дөңгөлөгүн чыгара албайбыз. Бир гана айыл чарба продукцияларын өстүрүү менен алга жыла алабыз. Дүйнөлүк рынокко мурдагы тигилген алма менен чыга албайбыз. Азыр стандарт деген бар. Баары бирдей көлөмдө, көрктүү, даамы жакшы болушу керек. Дүйнөлүк стандартка туура келген өсүмдүктөрдү өстүрүшүбуз керек. Барар-бара өлкөбүз ушул ыкмага өтүшү керек деген өрнөктү жайылтуу максатым болду. Ошол себептен алма багын өстүрүүнү колго алдым”,-деди.

Бул алма бактары да акыркы убактарда кеңири жайыла баштаган интенсивдүү жемиш багына кирет. Бою өтө бийик болбой, эки жылда түшүм берет.

“Алма көчөтүн сатып алган өлкөнүн технологиясы менен аралыгын 80 сантиметрден отургуздук. Булар биздеги советтик бактарга караганда бир гектарынан 4 эседен ашык түшүм берет. Алмалар тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ар күнү кечинде 1,5 сааттан сугарылат. Быйыл алмалар тегиз гүлдөдү. Жаңы тиккен үчүн гүлүнүн дээрлик 90 пайызы түшүп калды. Калган он пайызын үзүп чыктык. Анткени тамыры жанданышы керек. Эмки жылы гектарына он тоннадан, кийинки жылы 20, андан ары 30 тоннадан, айтор ушинтип жыл сайын түшүмү жогорулап, 80 тоннага чейин түшүм берет. Албетте, жакшы каралса. Алма бактын четине атайын бассейн кургам. Анда бир жумалык суунун запасы болушу керек. Ар кандай шарт, себептер менен суу келбей калса, алма суусуз калып, ойдогудай түшүм бербей калышы ыктымал. Экинчиден суу киргендей аябай кир агат, тундуруу керек. Үчүнчүдөн, алмага жылуу суу берүү керек”,-деди.

Багбан түшүмдүн бирдей көлөмдө, бирдей түстө болушу үчүн эмне кылуу керектигин айтып, буларга токтолду.

“Алма гүлдөгөндө бир бутакта беш гүл чыгат. Ортосундагы гүл чоңураак болуп, калгандары кичинерээк болот. Алма түйгөндөн кийин ошол төртөөсүн алып салуу керек. Ар бир гүлдөгөн бутактан бирден төрт гүлдү алып салуу эмне деген гана түйшүк. Ошондо Бир түптө 20-24төн ашырбоо керек. Ошондо бардык алмалар бирдей көлөмдө, бирдей түстө болуп бышат”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!