14-сентябрь: тоолуу райондордо жаан жаайт

14-Сен. 2017, Бейшемби, 09:05

Бүгүн, 14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым, жерлерде 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27;

Талас аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29;

Баткен дубанында түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында түнкүсүн күн күркүрөйт, күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +23...+25 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!