​Тобокалова: “Гепатит жукканын көпчүлүгү биле биришпейт”

14-Сен. 2017, Бейшемби, 15:12

Гепатит жугуштуу оору экендиги мурунтан бери маалым. Акыркы убакта бул дарт менен жабыркаган жарандардын катары өсүүдө. Аталган оору тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор жана гепатолог Сапарбү Тобокалова айтып берди.

- Вирусттук гепатит менен ооругандар Кыргызстанда мурунтан бери эле көп. Гепатит оорусу А, В, Д, С, түрү болуп бөлүнөт. Элдин көбү гепатит А түрүн билишет. Ал кол жуубагандан, сүлгү, идиш-аяк, тамак-аш, оюнчук жана башка аркылуу жугуп калат. Бирок, анын бир өзгөчө жери өнөкөт гепатитке өтпөйт. Мурун бул оорунун түрү менен жаш балдар көп оорусу, азыр чоңдор дагы ооруй башташты. 1990-жылдары Орто Азия чөлкөмүндө изилдөөлөр жүргүзүлүгөн. Анын ичинде Кыргызстандагы 3 жашка чыккан балдардын 80 пайызы гепатит А иммунитети бар экендиги аныкталган. Муну менен 3 жашка чейинки бала гепатит менен ооруду дегенди билдирет. Кийинчирээк жылдан-жылга адамдын жашаган чөйрөсү дагы таза болуп, билим деңгээли өсүп, тазалыкты кармап калышкандыктан көп үй-бүлөлөрдөгү кичине балдар оорубай калышты. Акыркы кездери бул дарт менен чоңдор ооруп жатат. Алар жаш балдарга караганда катуураак оорушат. Илдет оор өтөт. Мурду канап, денеси саргайып көпкө чейин кетпейт. Мунун негизги себеби жаштар чоңойгонго чейин боорго күч келтиргидей спирт ичимдиктерин ичип, туура эмес тамактануудан болууда.

Изилденбеген кан куюлганда илдетти жуктуруп алгандар кездешчү

- Кан аркылуу жуккан вирусттук гепатиттердин түрлөрү. Азырынча алфавит менен белгилеп койгон гепатит В, Д, С, бул гепатиттер мурун төрөттөн көп кан кетип, операция учурунда шашылыш түрдө изилденбеген кандар куюлганда ошондон оору жугуп ооручу эле. Кийинки жылдары кан куюу деген кескин азайды. Кан куйган учурда дагы аны аябай изилдеп куюп калышты. Бирок, кан аркылуу жуккан гепатиттердин саны абдан көбөйдү. Себеби мурунку жылдары бир шприц көп жолу колдонгондуктан ал аркылуу жукчу. Азыр бир жолу колдонулуучу шприцтер пайда болду ага карабай медициналык мекемелерде дагы гепатит жуктуруп алгандардын саны арбын болуп жатат. Аны жашыра албайбыз айтканга милдеттүүбүз. Медициналык аппараттардан гемодиализди алсак, мында бейтаптын канын аппаратка куюп алып тазалап, куят. Ал аппаратты куюп алганда таза болот деп эч ким кепилдик бере албайт.

Гепаттит илдети эмне аркылуу жугууда?

- Бейтаптардын көпчүлүгү бул оору сизге кайдан жукту деп ойлойсуз деп сураганыбызда тиш дарыгерлерин айтып жатышат. Мунун канчалык чындыгын аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүдөбүз. Бейтаптардын айткандарынын дагы жөнү бар. Азыр хирургия бөлүмүнөн, төрөт үйлөрүнөн жуктуруп алгандар азыраак болуп калды. Себеби алар мамлекеттик мекеме болгон үчүн көзөмөл жүргүзүлүп, дыкат текшерилип турат. Стоматологиялык клиникалар азыр көбүнчөсү жеке менчик болуп калышты. Ал жерлерде текшерүү солгун жүрөт деп ойлойм. Мындан тышкары жыныстык катнаш аркылуу жуктурууда. Үй-бүлөдө эгер аял же күйөөсү ооруп калса, канында вирусу көп болсо ал бири-бирине жугушу мүмкүн. Дагы бир масселе илгери сойкулук дегенде уккан дагы эмеспиз. Азыр өзүнчө эле адистик болуп калды. Тилекке каршы ал жактан жуктуруп алгандар көп болуп жатат. Баңги зат, ийне менен колдонгондордун 80 пайызында гепатит менен жабыркашат. Аларга гепатит сага жугуптур деп айткан менен деле дарыланышпайт. Себеби баңги заттарды пайдалангандарга эл аралык фонтдор көп жардам бергендиктен аларга таянышып, өзү акы төлөп дарыланышпайт. Бул Кыргызстандагы чоң көйгөлөрдүн бири.

Оору билинбей адамда жашап жүрө берет

- Өнөкөт гепатит жуктуруп алышканын көпчүлүгү биле биришпейт. Эч кандай оорулардын белгилери жок эле өзүн жакшы сезип көп убакытка жүрө беришет. Бизден эл Европанын элдерине окшоп жарым жылда же бир жылда өзүнүн ден соолугун текшерип, эмне деген ооруларым бар экен деп алдын алайын деген сезим жарандардын азында гана бар. Өнөкөт гепатити бар экени кокусунан гана диагноз коюлуп калып чыгып жатат. Жүрөгү оруп кардиологияга, бөйрөгү ооруп неврологияга түшүп калат. Мындан улам кыргыз жарандарын бул оору менен ооруганын эртэрээк билсин, дарылансын дарыланбай жүрө берсе боордун иштен чыгышына, ракка алып келээрин түшүндүрүп келем.

Гепатит шилекей аркылуу жукпайт

- Чоң кызматта иштеген киши гепатит менен ооруп калыптыр. Азыр ал Бишкетке жашабайт облусттардын биринде турат. Мен аркылуу балдарга жукпайбы деп улам сурайт. Анан ага айттым балдардын бетин сүйүп, колунан кармап койсоңуз эч кандай оору жукпайт. Аба аркылуу жукпайт. Экинчиден шилекейде вирус болсо деле ал башка кишиге тийсе, бетинен өөп койсо бирок кан чыкпаса эч кандай оору болбойт. Мисалы жубайлар дейли эриндерин тийгисе бирок жарака чыкпаса оору жукпайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!