“Жаратман”: зымдан жасалган таш бака

19-Сен. 2017, Шейшемби, 12:43

Ысык-Көлдүн Бостери айылынын тургуну Уланбек Бахтияров айлана-чөйрөгө өзгөчө көрк бере турган креативдүү идеяны ишке ашырып, кадимки таш баканы зымдан токуп чыгарууда.

Басылмабыздын кезектеги “Жаратманы” бул идея кандайча жаралганы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

“Жаңы бир нерсе ойлоп, аны ишке ашыргым келди. Интернетти карап олтуруп, изилдеп, ушул “таш бакага” көзүм түшүп калды. Бул мурда Европада колдонулган табылгалардын бири экен. Өткөн жылы кышы менен идеяны башымда “бышырып”, жаз алды менен алгачкы таш баканы жасадык”,-деди.

Ал белгилегендей алгачкы таш баканы жасоого эки күн убакыт кеткен.

“Адегенде таш баканын башын эпке келтире албай, зымды кесип, болбой калганда аны ыргытып, башкасын алып, айтор ушинтип олтуруп эки күндөй убакыт кетти. Азыр эми колубуз көнүшүп жарым күндө деле жасап койсо болот”,-дейт.

Учурда жасалган таш бакалар каарманыбыздын короосуна орнотулган. Ал жакында зымдан токулган таш бакаларды чыгаруу үчүн жаңы цех ачууну пландап жатканын билдирди. Ошондой эле ал бул уникалдуу жаныбарды газондун үстүнө, чоң имараттардын кроосунун алдына койсо, өзгөчө көрк берип, көпчүлүктүн көңүлүн бурарын билдирди. Өсүп турган гүлдүн арасына коюуну сунуштабайт.

Каарманыбыз таш бака табылгасынан сырткары ар кандай жаныбарлардын статуеттерин шаардын көрүнүктүү жерлерине орнотуу планынын үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!